ЖЕТИ АТА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өз атаңдан тартып жети эсебине чейинки (жетинчисин кошо алганда) аталардын ысмынын тизмеси – эсеби. к. Ата, чоң ата, баба, буба, куба, жото, жете. Жети атаңдын кимдер экенин аты-жөнү менен жаңылбай айтып берсең, алкыш менен ак батанын ээси болдум дей бер (Аман Көчөрбай уулу). 2. Түпкү теги, ата-бабасы. Жети атабыз башынан, Көргөн эмес мындайды (Токтогул). Менин жети атам тегирменчи болуп өткөн (Сыдыкбеков).